Залим сапатың айланаңдагы душманыңдын тобун көбөйтөт. Душмандарың көбөйсө ал өзүңө жаман.
* * *
Мезгил айланага күз шобуртун берди, а өмүрүбүз күз шобуртун бергени камданып келатаабы?
* * *
Билимсиздик, билимсиздикти эле төрөйт, анын баласы-баягы эле караңгылык .
* * *
Кайсы жакта чындык болсо, ошол жакка барыңыз. Жол
оңуту оңолуп барып-барып түз болот.
* * *
Өткөн өмүрүңүздү унутуп салбаңыз. Анын сабак алчу жагы болгон. Жана да унутулбас жакшы жагы да болгон.
* * *
Бул дүйнөдөн кетээр адам «Мен кеттим, силер эми жакшы калгыла, мен жетпеген бакытка, силер жеткиле»! – деп бирөө дагы айткан эмес, бирок алар көз карашы аркылуу кетеерде билдирген болуш керек.
* * *
Жалгыздык жакшы, жаның тынч, бирок ал кээ бир адамга беймазалыкты алып келет. Жалгыздыкты билген адам пайдаланат.
* * *
Кудайдын буйругу биздин жүрөгүбүздө жашап жатат.
Ошол жактан бизге түбөлүк адамкерчиликтин үнү угулат.
* * *
Акындар үчүн ой чындык, аны эң сонун көркөмдөп берүү накта чебеочилик.
* * *
Дарыя агып жүрүп отуруп, деңизге жетет. Кыраан учуп отуруп, бийиктикке жетет. Тапталган талант жүрүп отуруп, өлбөстүккө жетет. Демек баардыгы ийлиликке жеткен.
* * *
Жакшылык болгон жерде жамандык жок, күлкү болгон жерде кайгы жок, Чындык болгон жерде, жалгандык жок.
* * *
Кыш өтүп жаз келатат, эмгекчил адамга жакшы күн келатат, талантын таптаган адамга баары келатат.
* * *
Сөз билги адамга сүйлөгөн жеңил, чындык менен жүргөн адамга жашоо жеңил, өнөрлүү адамга баары жеңил.
* * *
Өткөн өмүр табылбай калат, өткөн жаштык табылбай калат, улгайган адамга өткөнү табылбай калат.
* * *