* * *
Согушта күч менен жеңгенге караганда акыл менен жеңген алда канча артык.
* * *
Адилеттүүлүк жана чындык болгон жерди адамдарды кубаныч айланчыктап сагалайт.
* * *
Акылмандын өмүрүнүн аягы болот, бирок ал жараткан акылман сөздөрдүн аягы болбойт.
* * *
Өмүр сүрүү бул – керемет. Ошону сезген адамдар болот, сезбеген адамдар болот.
* * *
Кайсы адам өзүнө сот, өзүнө прокурор болсо, ал өзүн адилеттүү жашоодо алып жүргөн адам.
* * *
Улуулуктун уч кыйры жок ошол үчүн ал – улуулук.
Кубанычтын чеги жок, ошол үчүн ал – кубаныч.
Сүйүүнүн чеги жок, ошол үчүн ал – сүйүү.
* * *
Сүйүү болгон жерде жек көрүү жашабайт, жек көрүү болгон жерге сүйүү баш бакпайт.
* * *
Акылман адамдын китебин анда-санда окуй жүргүлө,! Антпесеңер акылыңар жаңырбай ого бетер мокоп керексиз макиге окшоп калат
* * *
– Акылманды да акмакты да көрүп турам кайсынысына барайын?
– Сен кыргыздын улуу сөзүн эсиңе сала жүр! – «Жамандан кач, жакшыга жанаш». Ошол сөздү дайыма эсиңе салып жүрсөң адашпайсың!
* * *
Душманыман акылым, эмгегим, талантым менен коргоном. Аларым жок болсо, эмнем менен коргоном?
* * *
Тоо түбүнө барсам, таш короом туруптур. Анын айланасына коко тикен, уйгак, чалкан жана башка чөптөр өсүптүр. Таш короом айтты:
– Сен бул жерден адамдардын изин издеп жатасыңбы? Алардын мага каттабай калганы кыйла заман болгон. Андан көрө шамал, жел, жалгыздыктын изин издесең таап алмаксың, – деди. Жоопту угуп көзүмө жаш тегеренди.
* * *
Жаз жылуулукту чакырат, эмгек бакытты чакырат.
Жакшы ишеним өмүрдү чакырат.
* * *