– «Мен кайра төрөлсөм, турмушумду такыр башкача жол менен баштайт элем», – демек, алар өткөн өмүрүнө анча ыраазы болбой калган адамдар экен.
* * *
Жан дүйнөсү, руху бай адам өсүп турган гүлдөн көптөгөн кооздукту көрөт. Ал эми жан дүйнөсү, руху жарды адам гүлдөн жөн эле бир өсүмдүктү көрөт.
* * *
Ойго батып талаада жалгыз дарак өсүп турат. Эгер тили болсо, ойлонуп отуруп, ал улуу акылманга айланганы турат.
* * *
Баягы эле ишти иштей берүү ал ойдогу көрүнүш. Эми ошол ишке бир жаңылык киргизүү ал таптакыр жаңы көрүнүш.
* * *
Көчмөндөр акылман болгон. Алар улуу Алла Тааланы карап кыял-чабытын өстүрүп, улуу Эпос Манасты жараткан. Эпос бүткүл ааламга кыргыздын өчпөс даңазасын тараткан.
* * *
Чыдамдуулукту, күтө билүү – туруктуулуктун башталган жери дешти карыялар.
* * *
Сулуулук адамга бир берилүүчү көрүнүш, бирок аны сактай билүү ал дагы башкача жаңы көрүнүш.
* * *
Адамдар коштошуп жатышты:
– Аман бол, кайрымдуулар, ар дайым ушундай жакшы жүрүп, көңүлүңөр куунак болсун,
– Силер дагы кайыр кошкула, жакшы адамдардан дүйнө ушундай кооз жана бактылуу болот.
* * *
Тарбиянын ичинде мелмилдеген сонун жерлери да болот. Гүл каптаган жери – бейиш, бакыт. Отоо чөп каптаган жери – кейиш. Анда тарбия бейиш менен кейиштин ортосунунда турган
турмушпу ия?
* * *
Мен жаратылышты коргосом, жаратылыш мени коргойт.. Жаратылышты коргогон адамды кудай коргойт. Ошентип, алар бири-бирин коргойт.
* * *
Жолочу жол улап баратат, аты ташыркады атка жаман, андан дагы ат үстүндөгү жолочуга жаман.
* * *
Улуу акын бир эле китеби менен элге таанымал, күкүк бир эле ыры менен дүйнөгө таанымал.
* * *
Начар тарбиядагы жаштар жакшыларды бузуп жатат.
Алар жакшыны эле бузбай, коомубузду бузуп жатат.
* * *