* * *
Баардык улуу ачылыштар адамдын эмгегинен түзүлгөн. Бирок алар биз сыяктуу эле жөнөкөй адамдардын колунан түзүлгөн.
* * *
Элинин рухун өнүктүрүүнү биринчи койгон элде сөзсүз жан -дүйнө рухунун өнүгүүсү болот.
* * *
Тынымсыз изденүү болбогон жерде, жакшы эмгек деле болгон эмес. Ошондуктан ойлогон максат ишке, ашкан эмес.
* * *
Шаттык, кубаныч каякта десем, ал биздин турмушубуз, эмгегибиз, күнүмдүк жашообузда эле аралашып жүрүптүр.
* * *
Эмне үчүн, улуу адамдар жан-дүйнө, рух дейт. Анткени тарбиянын башталмасы ошол тарапта экен. Жакшы жашоо бизге ошол жактан келет экен.
* * *
Мугалимдер балдарга тарбия бердик дешет анын жыйынтыгы окуучулардын жүрүм-турумунан жана билиминен билсек болот.
* * *
Айыгышып, элдешкис чыр чатак болгон жерден эмнени күтөбүз. Жакшылыктыбы же жамандыктыбы? Деги эмнени күтөбүз?
* * *
Ушак жыландын уусунан да жаман. Жыландын уусу дары. Ушак дары эмес. Ошол үчүн жаман.
* * *
Балам атасынын сөзүн угуп жакшы жигит болгон. Менин кудайдан да, баламан да, күткөнүм ошол болгон.
* * *
Күнөөнү кечирим кылуу адамкерчилик. Бирок күнөөкөр адам аны толук түшүнүп жатабы? Иштин аягы ошол жакта..
* * *
Заман оор кезде миң эсе кайрымдуу болгула!
Анткени өтө жакыр адамдар көбөйүп кетти. Жакырчыдыкты кантип жоготобуз деп хандын да, элдин да башы катып жатат.
* * *
Күн салкындап, күз келгенде «Өмүргө күз келди», – дедик. Ак кар жаап, кыш келгенде «Өмүргө кыш келди», – дедик. Кош айтышып, сапар кеткендер «Өмүрдөн өтүп кет-
тик», – деди.
* * *
Өмүр, жашоо сонун мейкиндик, жан үрөп эмгектенсең ал мейкиндиктин ажары ачылып чыга келет.
* * *
Таң агарып келатат. Адамдар сапар жолго чыгалы! Таттуу үмүттөн кечигип калбайлы! Баарынан артта калбайлы!