– Силер чимкириксиңер эч нерсе иштебейсиңер,-деп чыкты.
Анда депутаттардын бирөө.
– Биз элдин элитасыбыз бизге сөз тйигизүүгө болбойт, журттун каарына калат- деп чыкты.
Тигил кишиникиби, туурабы же депуттатардыкы туурабы, элдин башы маң. Же экөөндө тең бир мандем бар. Депутаттрга адамдын чимкириги эмне үчүн жармашат.
* * *
Өмүрүм түштөй өтүп кетиптир. Түштү кармай албаган сыяктуу өтүп кеткен өмүрүмү да, кармай албадым.
* * *
Акыйкатты жарата албаган адамдын жан дүйнөсү – караңгы. Чындык – жарык, жалган – караңгылык.
* * *
Бир дагы эне баласына жаманчылык жасабайт, жаманчылык жасаган күнү ааламда жер титиреп, күн тутулуп, эң жаман окуя болот.
* * *
Акылмандуулук жөнөкөйлүктөн башталат. А жөнөкөйлүк турмуштун дал – өзү.
* * *
Китеп – бул турмуш, турмуш да китеп. Ошол үчүн адам китепсиз жашай албайт. Өтүп жаткан өмүрүбүз жазылбаган китеп.
* * *
Зомбулук болгон жерде жакшы иштер жаралбайт. Анткени жек көрүү, каар ошол зомбулуктун өзүнөн төрөлүп, ал жакшылыктын душманы.
* * *
«Кечээ көргөн бүгүн жок, атанын көрү дүйнө бок», – деп кыргыз эли бекер айткан эмес экен.
Көңүл ачуу, эс алуу, эмгектенүү ар бир адам үчүн кайта-кайта келе берүүчү окуя, бирок өлүм адам үчүн бир гана жолу келүүчү окуя. Ар бир адамдын өмүрү ошол үчүн эл айткандай армандуу окуя.
* * *
Буурул кечтин өтүп жатканына өкүнбөйм, мындай кечте токтолбой өмүрүмдүн өтүп жатканына өкүнөм. Жаштык артта калып, улгайып баратканыма өкүнөм. Өмүрүм ошол буурул түн экенин сезип өкүнөм.
* * *
Балалык күндүн көпөлөк кууп жүрүп, өткөнүн билбей калыпмын. Жаштык-мастык жана сүйүү менен өтүптүр. Аны да билбей калыпмын. Токтоо курак анча-мынча эмгек менен өтүптүр. Аны да билбей калыпмын. Анан ак чач болуп карттык курак келгенин да билбей калыпмын. Кыскасы бир ууч өмүрдүн кандай өткөнүн билбей калыпмын.
* * *
Улгайган чагымда тоо түбүнө келип, урап калган жер тамды көрдүм. Өсүп жаткан өлөң чөптөрдү көрдүм. Сайрап жаткан куштарды, безенген күкүктүн үнүн угуп, бул жерде калган балалыкты эскерип жатып ыйладым. Жалгыз болуп, мени сооротор адам такыр табылбады.
* * *
Шаардын четинде куштар сайрап, күкүк күкүктөп жатту. Адамдын көңүлү ошол жакка бурулуп, ошол күкүктун үнүн укканга умтулуп жатты.
* * *
Адам өзүнүн бактысын ак эмгектен таап алды. Адал эмгек маданияттуу өмүрдүн таалайлуу жыйындысы.
* * *