* * *
Талант, эмгек, өнөр, шык жакшылыкты таштап кетет. Ал акылмандуулук менен келип, өчпөстүктү таштап кетет.
* * *
Адамдар бир нерсени кеңешип жатат. Алар башка адамдарга жакшылык кылган жатат. Демек, жакшылык бир адамдын жүрөгүнөн экинчисине өткөн жатат.
* * *
Баардык жерде өзүңдүн адам экениңди унутпа! Башкаларга да жакшылык келээрин унутпа! Акыры баарын унутпа!
* * *
Жамандык менен жакшылык тең салмакта эмес. Жакшылыктын салмагы канчалык күчтүү болсо, ошол жерде жашоо өз жолунда баратат.
* * *
Байыркылар актыктын душманы каралык, чындыктын душманы жалгандык дешкен. Азыркылар деле ушул ойду айтып жатышат.
* * *
Ар бир адам бул дүйнөгө жалгыз төрөлөт. Анан тиги дүйнөгө жалгыз жол кетет. Ар бир адамдын башына жалгыздык деген сөз ошондон жаралган.
* * *
Капастагы куш менен эркин учуп жүргөн куштун айырмасы асман менен жердей. Капас – түрмө, асман – канат каккан эркиндик
. Капастагы куш эркиндик үчүн асманга умтулат. Ал ошол эркиндикти самап армандуу ыр мукамын чыгарат.
* * *
Кулагы жакшы сөз, мактоону угууну каалаган адамдын оозунан жакшы сөз жаңылбай чыга берсин.
* * *
Акылмандуулук менен зээндүүлүк биздин жүрөгүбүзгө жашаса, биз бактылуу адамдарбыз.
* * *
Койдун маараганы, жылкынын кишенегени угулду. Бир кездеги балалыгымы көргөнгө жакындадым. Жайлоодо мал баккан ата-энемдин, туугандарымдын элесине жакындадым
* * *
«Тиги дүйнө деле, бу дүйнө деле, чындыктан куралган экен. Тиги дүйнөгө таза барыш үчүн, – «Бу дүйнөдө таза жашагыла» – деп пайгамбарлар айткан экен. Демек эки дүйнөгө тең тазалык керек экен.
* * *
Адамдар бакытка жетиш үчүн күндүр-түндүр ой жүгүртөт. Бирок бакыт жакшы эмгек, же башка адамдарды ийгиликке жеткиргенден кийин келет.
* * *
Тынч жашап башка адамга таалай чачкан пендени теңирим колдойт.
Жакшы тарбия жакшы адамдын жүрөгүн уялап, аны азаптан колдойт.
* * *
Бирөө депутаттарга: