Бүткүл айыл той үстүндө туруп бир жакшылыкты күтүп жатат. Мунун өзү айыл үчүн бактылуулук. Эгер ошол жакшылык аткарылса, бир киши эмес, бүткүл айыл кубанат.
* * *
Адамдар бир акындын китебин өмүр бою окуп келе жатат. Демек, китеп да бактылуу, китепти жараткан акын да бактылуу. Аны окуган баардык эл бактылуу.
* * *
Көркөмдүк менен сулуулук бир өзөнгө куят. Же экөө бир тууган жана бири-бирине жөдөк
* * *
– Кайсы учурда үйүбүздө тартип болот? – деп сурады эне.
– Ата-атадай, уул-уулдай, кыз-кыздай, келин-келиндей болгондо бул үйгө ырыскы уялайт, – деп жооп берди ата.
* * *
Талант өзүн-өзү даңктап келет, анын даңазасы ошондо.
* * *
Ителгинин учкаяктыгы, каармандыгы, кайраткерлиги, эч нерседен коркпостугу анын даңазасын мактайт. Ал даңаза эрдикти аныктайт.
* * *
Үкү айтты:
– «Мен караңгы түндүн кожоюнумун». Бакыт айтты:
– «Мен жакшы адамдардын жүрөгүнө келген кожоюнмун». Кайгы айтты:
– «Мен капалуу адамдардын жүрөгүнө жашаган кожоюнмун».
* * *
Жакшы адамдар караңгынын арасынан жарык нур таап, жашоосуна жалын жаратат.
* * *
Бир адам көп окуяны кобурады.. Бирок өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Бирок ал баяндын баары эле өзү жөнүндө экенин кыраакы адамдар байкап койду.
* * *
Адам өзүнүн иштеген ишинде кубаныч ырахат албаса, ал начар иш. Начар иште эптеп убакыттын жылышы керек.
* * *
Эмгегиң артыңда калган – өмүрүң, кеп ошол эмгегиңдин маани-мазмунунда жатат.
* * *
Китеп даанышманды жаратканбы же даанышман китепти жаратканбы?
Даанышман китепти жаратып, аны адамдар окуп даа-нышмандыкты ошол китептен таап алды десек болот.
* * *
Жүрөктүн үнүн угуп, ага жакшы жооп берген адам – жакшы адам. Үнүн угуп, жооп бербесе – ал башка адам.