– Ылаң сөз сүйлөп жиберип оозунан аксайт. Ошол жаман.
– Дагы касй жеринен?
– Курсагын тойгузам деп элдин ырыскысын жеп жиберип,жаман курсагынан аксайт.
– Дагы бирөө калды ал кайсы?
–Аны айтпай эле койсом болот эле. Уятту болсо дагы айтып берейин ал алаасындагы балакеттүү жерин туура эмес башкара албагандыгынан аксайт. Мунун баары эле баягы аксаңдаганы оордунда эмесс пендечилик.
Мен ал адамга:
– Ырахмат карыя, бул айткандарыңыз адамдарга сонун сабак экен,-деп алкышымды айтып туруп басып кеттим.
* * *
Ата өтсө үйдүн бир капшыты ээнсирейт.
Эне өтсө үй бүтүндөй ээнсирейт.
Акылман падыша өтсө, өлкө ээнсирейт.
* * *
Бир кашык суудан чака бөксөрүп калбайт, бир чымчым ундан кап кемип калбайт, бир адам кайтыш болсо, андан аалам кемип калбайт, бирок ошол пендени жоктоп үйдө кайгы калат.
* * *
Үй салып жатабыз деп, усталар айтышат, китеп жазып жатабыз деп, акындар айтышат, мүрзө казып жатабыз деп, көрүстөндөгүлөр айтышат. Кыскасы баары эле тынбай түркүн иштерди иштеп жатабыз деп айтышат.
* * *
Тамактын бышаары чукулдап келатат, жакшы үмүттүн аткарылаары дагы чукулдап келатат, Кеч жакындап түндүн келеер маалы жакындап келатат.
* * *
Көл эрте кечи толкуп жатат, жаан төгүп, шамал болуп жатат. Өмүрүн улап жолочу жолго аттанган жатат, демек заман токтобой агып жатат.
* * *
Мен жок болсом аалам жалгызсырабайт, жакшы жолдош турганда жолоочу жалгызсырабайт, жакшы уулу турганда ата-энеси жалгызсырабайт.
* * *
Максатына жетпей калган өмүр армандуу, аты өлүп жолдо калган жолочу армандуу, теңтушу жок жалгыз калган кары армандуу, улгайганда байбичеси жок абышка армандуу.
* * *
Сага эң сонун өткөн бир түндүн көркөмү миң түндүн көркөмүнө эч убак татыбайт, жүз коркоктун карааны бир баатырдын каоаанына татыбайт.
* * *
Жалгыз болуп калбасын деп балага ата-эне кайрымдуу,жакшы жашасын деп тууган-тууганга кайрымдуу, элим жакшы жашасын деген хан журтка кайрымдуу,баарысы жакшы жашасын деген кудайым бизге кайрымдуу.
* * *
Жалпы журтка айыл атасы калыс, андан калса айыл энеси калыс, андан калса кудайымын өзү бизге калыс.