* * *
Жер үстүндө канча адам болсо, ошончо жашоо, ошончо тагдыр, ошончо кайгы, ошончо кубаныч болот. Демек ар бир адам өз- өзүнчө болот.
* * *
Чыныгы тарбия болгон жерде чыныгы мектеп бар. Ал жерде чыныгы кубаныч болот. Баарынан мурун ал жерде элге кам
көргөн чыныгы өкмөт болот, ошондо баары ирети менен ишке ашкан болот.
* * *
Катуу кайгырган адамдын үшкүрүгү терең жерден чыгат.
Ал үшкүрүктү уккан адам терең ойго батат.
* * *
Башынан сүйүү өткөрбөгөн адам, армандуу эле адам.
Менимче андай адам бул дүйнөдө жок болушу керек.
* * *
Адамдын өмүрү жоготуудан жана табылгадан турат. Жоготуу арман табылга кубаныч. Бирок жоготууга учурап, табылгага жеткендер да болот. Баардык өмүр ошондой куралган.
* * *
Кемпиринен айрылып жалгыз калган кары ойлонуп отурат. Ал өткөнүн жана жалгыздыгын ойлонуп отурат. Балким келечегин да ойлонуп отурат. Бирок кемпири менен бирге өткөн өмүрүн сөзсүз ойлонбой койбойт.
* * *
– «Эмне үчүн мен таалайлуу болбой калдым»? – дебе, таалай сенден кыйгач өтүп кеткен, же сен аны издеп чыккан жоксуңбу? Же колуңдан учуруп жибердиң беле?
* * *
Бир күнү аңчынын жолу болот. Экинчи күнү жолу болбойт. Бардык кезде адам жолдуу болбойт. Анткени, турмуш мергенчинин тагдырындай татаал нерсе.
* * *
Руху жок адам өзүн-өзү майдалап жатат, майда бараттык, жан дүйнөнүн жардылыгына алып келет, – деп насаат китгпте жазылган.
* * *
Туулган жердеги тоодон алыстап кеткен сайын өткөндөгү кооз дүйнөмөн, алыскы күндөрүмөн узап кеткендей болгом…
* * *
Жакшы нерсеге адам эгедер. Адам жакшылыкка умтулуп, кубанычка жеткенге эгедер.
* * *
Бала чакта ай мага сулуу сүйкүмдүү көрүнчү, улгайганымда көзүм начарлап айды жакшы көрө албай калдым ал башкача көрүнүп калды. Ай карып калдыбы же мен карып калдымбы?
* * *
Жалгыз жолоочу жолдо кетип баратты. Анын айланасында чымындын канат кагып учуп турушу: – «Адамым сен жалгыз эмессиң, биз да сени менен бирге кетип баратабыз», – деген жышаана болгон.
* * *