Кара өзгөйлүк жана боорукерликти экөөн тең эле адам жараткан бирок аларды эки башка адам жараткан.
* * *
Мындан жүз жыл кийин биз жок болобуз бирок, жер үстүндө мындан дагы, бактылуу жашоо келсе экен деп үмүттөнүп кеткен болобуз.
* * *
Гүл бул назиктик, а кара өзгөйлүк гүлдөн ары жаткан эшектин кыгы.
* * *
Жакшылык ыплас жерде деле жашай берет. Бирок аны адамдар
ыпластан бөлүп алганга аракет жасайт.
* * *
Жаштык өткүрлүгү менен айырмаланат, бирок өткүрлүктү коштогон сөзсүз акыл болуш керек.
* * *
Наадандыкты таш боор жүрөк жаратканын билдик, назиктикти кайрымдуу жүрөк жаратканын дагы билдик.
* * *
Таш боорлук менен боорукерликти айырмалай албаган адамдан эч нерсени деле күтө албадык.
* * *
Наадандыктын бүтүүчү күнү болот. Зили жакшылыктын бүтүүчү күнү болбойт анткени, ал түбөлүктүү ыймандуу көрүнүш.
* * *
Адамдын төрөлүшү кубаныч, а өмүрдүн бүтүшү оптимисттик трагедия.
* * *
Жаратканым айтат:
– Сабады, талап-тоноду, өлтүрдү деген сөздү укпайын –дейт.
Жараткан айтат:
– Кубанычка бөлөдү Биз бактылуубуз Келечегибиз кенен деген сөздөрдү угайын-дейт.
Ак сакалчан кырылар айтат:
–Айланайын адамдар жараткан жалган айтпайт, Ошонун оюн аткарсак бизге бакыт келет,-дейт.
** *
Адам өмүр бою килем сого берет анысы өзү бүткөргөн эмгеги. Ал килемди кандай бүткөрдү иштин мааниси ошондо.
* * *
Адам үчүн -уйку эс алуучу көрүнүш.Ал эми түш жашоодон келген сыйкырдуу элес.
* * *