Акылсыздын чеги бар. Акылмандуулуктун чеги болбойт. Ошол үчүн жашообуз бактылуу.
* * *
Улуу адамдар деле биз сыяктуу жардылыкта оор турмушта жашаган. Болгону алар эл үчүн жанын сабап, жакшы иштерди иштеп кеткендер.
* * *
Бир жакшы ишти бүткөрүш үчүн акыл жана акча керек. Эгер бирөө эле жок болсо, иштин натыйжасы болмок беле?.
* * *
Биз жымжырттыкта болуп, бир кишинин сөзүн угушубуз керек. Бирок ошол кишибиз акылдуу, улуу кеменгер эл башкарган киши болуш керек.
* * *
Эне бала үчүн кенен аалам, ал эми бала эне үчүн жаз алдында жаңы бүрдөп келе жаткан жаш өсүмдүк.
* * *
Жакшы буюм көпкө сакталат. Качан ал өз сапатын жоготкондо, ошондо жоголот.
* * *
Асыл-ой мурас баардык замандарда сакталып келген.
Анткени анын ичинде такыр түгөнбөгөн керемет ойлор калкып жатат.
* * *
Кээ бир адамдар айтат: – Сүйүү кармалбайт, – деп.
Сүйүү жүрөгүңдө гана кармалат. Сүйүүнү кармай албаган
жүрөк, жүрөк эмес.
* * *
Жүрөгүнө сүйүүнү алып жүргөн адамдар, алар бактылуу адамдар.
* * *
Жаап жаткан жаигырга:
– Жамгырым сен мага жомок айтчы!-дедим. – Мен жомок айтып жатам сен тыңшабай жатасың, Тыңшасаң укмаксың, менин үнүмдү улгайып калган адамдар угуп, айткан жомогума түшүнөт .-деди.
* * *
Чындыкты айткан адамдын сөзү – күмүш, ал эми элди чындык жолуна үндөгөн адамдын сөзү – алтын.
* * *
Жашооң канчалык тынч болсо, өмүрүң ошончолук бакубат жана пейпил.
* * *
Жаштар – жаштыгы менен бактылуу. Ошол жаштыкты эмгек менен айкалыштырса, алар андан бетер бактылуу.
* * *