* * *
Ырайымсыз бийлик, байлык, ач көздүк уялаган жерде чындык менен акыйкат качып, шайтан уялайт. Андай жерди жакшылык кантип уялайт.
* * *
Балыкчылар балыкка, малчылар малына, окуучулар мектепке кетти. Үйдө жалгыз оору менен кармашып кары адам калып жатат. Ажал менен өмүр эки дөө карсылдашып кармашып жатат.
* * *
Алыс жакта жүрүп жылкынын кишенегенин, койлордун маараганын сагындым. Жайлоодо жүрүп ошол сыйкыр үндүн астында чоңойдум. Ошол артта калган сыйкыр үндү сагындым.
* * *
Адам эмгекке тойбойт. Жашоонун көркөм түгөнбөгөн маңызы ошол. Көркөмдүк болгон жерде жашоо аяктабайт. Анын жолу ошол.
* * *
Куштар каякка кетти? Мезгил эмне деди? Алар түштүккө кетти, эми силердин жерде тынчтык жапайт. Анан күз өтүп, тарапка кыш келип, айлананы кар басып, бейкуттук жашайт
* * *
Бири-бирин түшүнсө, ал үйгө тынчтык келип конот.
Үй-бүлөнү тынчтык уяласа ал жерге бакыт кушу келип конот.
* * *
Ата-журттун бир сонун аймагын келжиреген башкаруучу башка өлкөгө берип жиберди. Ал менин орду толбос кайгым. Туулган жерге болгон сүйүүмдүн бир бөлүгүнөн айрылган кайгым.
* * *
Адамдар айтты:
– Даанышмандык каяктан башталат, – деп
– Даанышмандык сенин жүрөгүңөн башталат, ошол даанышмандык башталган жерде таза жана тунук булак шылдырап агып жатат.
– Даанышмандык башталган жерде бакыт жана кубаныч болот.
– Жөнөкөй карапайым адамдар ошол кубанычка жылынып турат.
* * *
Убакыт: Күндөр, айлар жылдар менен эсептелет, ал эми биздин элге сиңирген эмгегибиз эмне менен эсептелет? Жооп бергиле?
* * *
Байыркы сүрөтчү таштан эстелик жасап кеткенин көрүп турам. Мен анын ким экенин билбейм. Бирок колунан көөр төгүлгөн айкөл талнттуу адам экенин көрүп турам.
* * *
Адамдын даанышмандуулугу, жол көрсөткүчтүгү анын кадыр-баркын арттырып, аброюун көтөрөт.
* * *
Ар дайым зомбулук, теңсиздик болгон жерде орду толбос жоготуу болуп турат.
* * *