* * *
Адамдар бири-бирине жакшылык кылбай калган күнү жашоонун сыры аяктап, эч нерсе көрүнбөй ааламга караңгылык уюп турлду.
* * *
Тоо боорунда ата-бабалардын байыркы мүрзөлөрү өткөн тарыхтан кеп салып берейин дейт. Бирок алардын сүйлөгөнгө тили жок, үн салайын десе, дабышы жок. Ошондуктан жымжырттык.
* * *
Бирөө мени өмүр бою артыман кууп келатат. Ал карылыкпы же ажалбы? Же эмгекпи же башкабы?
* * *
Ачуулануу, каардануу жүрөктүн шайтан аралаган жеринен келген дешет. Ал эми акыл айтуу, токтоолук жүрөктүн гүлдөп турган жеринен жаралды дешет.
***
Арбактар айтат: « Анда-санда бизди эскерип, куран окуй жүргүлө, антпесеңер биз да стлерди унутуп салабыз»– дейт.
* * *
Таң атпай жаман сөз менен оозанба! Ал жаман жөрөлгөнүн башталган жышаанасы болот.
* * *
Бир адамды бактылуу кылганың – бул жакшы нерсе, көп адамды бактылуу кылганың – ал түбөлүктүү унутулбаган бакыт.
* * *
Ушундай деген ой туулат: Адам улуубу же тагдыр улуубу? Албетте адам тагдырды жаратат. Аны жакшынакай кылып жаратуу адамдын негизги милдети. Лемек адам улуу. Ал ачуу, таттуудан турат. Бир гана өтүп кеткен ачуу тагдырды кайра оңдоого болбойт. Ал эми таттуу тагдыр ал -кубаныч.
* * *
Жакшы адамдын жакшылыгы башкаларды нурдантып турат. Кеп ошол нурда, ал нур биз үчүн күн нурунан кем калбайт.
* * *
Күн бардык адамдарга нур чачат. Адамдарга нур чачуу жакшылыгы күндөн башталган дешет.
* * *
Жылдыз ыраакпы же ажырашып кеткен туугандар ыраакпы? Ыраакы жылдыздардын жарыгын көзүм көрөт. Ал эми ажырашып кеткен туугандардын жарыгын кантип көзүм көрөт?
* * *
Жайдын күнү жолдо баратам. Кулагыма чымын минтип ызылдайт: «Жай айланып келе берет. Мен тынымсыз ызылдай берем. Өмүрүм тынымсыз өтө берет».
* * *
Балам:
– «Ата, көл кантип куралат?»
– «Көл жаандын ар бир тамчысынан куралат». Ал таң калып:
– «Ар бир тамчыны чогулганча көп жылдар өтөт го», – дейт.
* * *